“Жаныбарларга аяр мамиле жасаган эл” уюмунун өкүлдөрү мушкер Хабиб Нурмагомедовго карата санкция колдонуу боюнча UFC уюмуна кайрылды.
Буга чейин интернетте Нурмагомедовдун аюу менен күрөшүп жаткан видеосу чыккан. Дагестанда тартылган видеодо жаныбар темир чынжырга байланып турганын көрүүгө болот.
Чынжырга байланган аюу менен күрөшүү бул акылга сыйбаган жорук. Бул анын жаныбарга болгон сыйлабастыгы жана түшүнбөстүгү, бул эмне деген жырткыч. Россияда аюуларды боксга, бийге жана башка көңүл ачууга колдонушат. Энесинен эрте ажыраганы аз келгенсип, эң катаал шартта кармалат“,- деп комментарий берген аталган уюмдун директору Элиза Аллен.
Жаныбарларды коргоочу аял Нурмагомедовду өз каалоосу менен макул болгон адамдар менен күрөшүүгө чакырды. Ошондой эле бул сунушка UFC уюму дагы көңүл бурса деген кеңешин берди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: