Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Бишкек шаарынын мэриясына Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети менен биргеликте борбордук көчөлөрдү оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүү учурунда жол кыймылын оптималдаштыруу боюнча натыйжалуу чараларды ыкчам көрүүнү тапшырды.

Өкмөт башчы вице-премьер-министр Жеңиш Разаковго бул маселени ыкчам чечүүнү көзөмөлгө алууну тапшырды.

Абылгазиевдин айтымында, унаа айдоочулар жана шаардыктар үчүн жол иштерине байланыштуу ыңгайсыздыктарды азайтуу зарыл. Мындай маселелерди создуктурууга жол бербөө керек жана зарыл шартта шаардыктардын жана калаа меймандарынын кызыкчылыгында бир жактуу көчөлөрдө убактылуу эки тараптуу кыймылды уюштуруу мүмкүндүгүн карап чыгуу абзел. Мындай чараларды курулуш иштерин баштаганга чейин ойлонуу кажет.

Өкмөт башчы белгилегендей, борбор шаардын көчөлөрүнүн көп бөлүгүндө кыймылдын жыштыгы бүгүнкү күнү алардын өткөрүү жөндөмүнө дал келбейт. Ошону менен бирге оңдоо иштерин жүргүзүү жол кыймылына түз таасирин тийгизип, айрым көйгөйлүү көчөлөрдө унаа тыгындарынын пайда болушуна алып келет.

 

.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: