Бишкекте 12 жаштагы Бебез Саид Идрисович дайынсыз жоголду. Бишкек шаардык милициясынан кабарлагандай, ал  16-сентябрда болжол менен саат 15:00дө “Дордой” жаңы конушундагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайтып келген эмес.

Учурда баланын жүргөн жери белгисиз.

Белгилери: бою 145-150 см, орточо дене түзүлүштөгү, чачы кыска, кара.

Кийимдери: мектеп формасын кийип жүргөн, үстүндө ак түстөгү көйнөк, кара шым, бутунда кара түстөгү бут кийим.

Бебез Саиддин жүргөн жерин көргөн билгендер болсо, төмөнкү телефондор боюнча кайрылып коюңуздар: (0553)102387, (0702) 228505, (0702 )498888, (0552) 102743 же 102 кызматына.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: