Дастанбек Жумабеков Таласта бала бакчанын пайдубалына капсула салууга катышты

118

Бүгүн, 20-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында Кара-Буура районуна караштуу Куру-Маймак айылына курула турган бала бакчанын пайдубалына капсула салуу иш-чарасына катышты.

Белгилей кетсек, аталган айылда 100гө чукул кожолук бар. Бирок азыркыга чейин бала бакча болгон эмес. Андыктан, сүйлөшүүлөрдүн негизинде Түрк кызматташтык жана координациялоо агенттиги (ТИКА) бала бакча куруп берүү ишин колго алган.

“Бул айылда бала бакча болгон эмес. Биз жолугушууга келген сайын айыл тургундары негизги көйгөй катары көп көтөрүшчү. Эми минтип, элдин тилеги орундалып наристелерибиз үчүн жаңы бала бакчанын пайдубалы түптөлүүдө. ”, – деп кошумчалады Дастанбек Жумабеков капсула салуу аземинде.

Эскерте кетсек, бала бакча 50 орунга ылайыкташтырылган.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь