19-августта 7-8-августтда Чүй облусунун Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынын өткөрүштү.

Мамкомиссиянын өкүлдөрү УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин, коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин, ошондой эле ички иштер министринин орун басарлары Алмаз Орозалиевдин жана Памирбек Асановдун Кой-Таш окуясы боюнча маалыматтарын угушту.

Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова жеке себептерине байланыштуу жыйынга катыша алышкан жок.

23-сентябрда өтө турган кийинки жыйынга депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылышты.

Мындан тышкары жыйында Аскер прокуратурасынын маалыматы угулат.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: