Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1млн 462миң 691 сом бөлүндү

83

Чүй ОИИББнын башчысы Самат Курманкуловдун дарылануусуна 1 миллион 462 миң 691 сом бөлүндү. Тиешелүү жарлыкка премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду. Каражат өкмөт башчынын резервдик фондунан Саламаттык сактоо министрлигине которулган.

Облустук милициянын башчысы Курманкулов 7-августта Кой-Ташта Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясында башынан жаракат алган. Ал учурда Москвада дарыланууда. Дарыгерлер эсине келип, жалпы палатага которулганын маалымдаган.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь