19-сентябрда тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен Будапештте жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда эки өлкөнүн министрлери,президент Сооронбай Жээнбековдун Венгрияга боло турган расмий сапарына карата көрүлгөн даярдыктарды талкуулашкан.

Ошондой эле жолугушуу учурунда эки өлкөнүн кызматташуусу, аны менен бирге 23-24-сентябрда Бишкекте өтө турган экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-венгер өкмөттөр аралык комиссиясынын биринчи отуруму тууралуу да сөз болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: