Кыргызстандык балбан кыз Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду.

Бүгүн 20-сентябрда финалдык кармашта болгариялык Тайбе Мустафа Юсейн менен күч сынашып,аны 5:3 эсебинде жеңип алды.

Эскерте кетсек, кечээ күнү кыргызстандык спортчу биринчи кармашында мексикалык балбан кыз Алехандра Ромеро Бонилланы 8:0 эсебинде жеңсе, андан кийинки таймашта япониялык спортчу Юкако Каваидни утуп алган. Чейрек финалда Тыныбекова украиналык спортчу Юлия Ткач-Остапчукту 9:6 эсебинде утуп, жарым финалга чыккан. Аны менен бирге ал келерки жылы Тоикодо өтө турган Олимпиада оюндарына да жолдомону ала алган. Жарым финалдык беттеште Тыныбекова түндүк кореялык Ёнг Сим Римди 7:0 эсебинде уткан.

Маалымдай кетсек, Тыныбекова күрөш боюнча дүйнө чемпионатында финалга чыккан Кыргызстандын спорт тарыхындагы үчүнчү спортчу болду. Буга чейин балбан Канат Бегалиев жана Жоламан Шаршенбековдор финалга жетишкен.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: