Лейлек районунун Кулунду айыл өкмөтүндөгү Максат орто мектебинин окуучуларына психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат. Чек ара аймагындагы билим уясына психолог менен чогуу райондук билим берүү бөлүмүнөн атайын адис жиберилди.

Психологдун айтымында, кыргыз-тажик чек арасындагы соңку окуялардан кийин окуучулар арасында олуттуу стресске кабылгандар жок. Ата-энелерде бир аз чочулоо байкалат.

Максат мектебинде эки күндүк тыныгуудан кийин окуу процесси кечээ жанданган. Бүгүн 196 баланын 112си сабакка келди. Калгандары кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан кийин коңшу айылдардагы туугандарынын үйүнө кеткен. Ал ортодо чек арадагы чырдан улам мектепке келтирилген материалдык зыян эсептелип, акт түзүлдү. Чыгым 129 миң 500 сом деп аныкталды.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: