Абылгазиев: Чырды жергиликтүү эл эмес, Тажикстандын коопсуздугуна жооп берген органдар баштаган

88

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы чырды тажик тарап баштаганын айтты. Ал бул тууралуу бүгүн, 21-сентябрда Бишкектеги жаңы ачылган «Ынтымак» сейил багына көчөт отургузгандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

«Чырды жергиликтүү эл эмес, Тажикстандын коопсуздугуна жооп берген органдар баштаган. Бул окуядан кийин мен барып жергиликтүү калк, биздин жарандар менен жолуктум. Биздин укук коргоо органдары менен жарандарыбыз окуя кандай болгонун айтып беришти», – деди Абылгазиев.

Ал чек арадагы кырдаалга байланыштуу Тажикстандын өкмөт башчысы Кохир Расулзода менен сүйлөшүү жүргүзгөнүн да кошумчалады.

«Сүйлөшүү чыңалуу менен өттү. Эң башкысы бул Тажикстан тараптан башталган. Алар тактала элек аймакка чек ара постун коюп, чек ара мунараларын салууну көздөшкөн. Биздин жарандар, Чек ара кызматы дароо нааразылык билдирип, ортодо чыр чыкты. Биринчи ок Тажикстан тараптан атылган».

Абылгазиев чек ара көйгөйү курал же башка күч колдонуу менен чечилбесин, бир гана сүйлөшүү жолу менен жөнгө салынарын айтты. Ошол эле учурда эки тараптын тең кызыкчылыгы сакталып, жергиликтүү тургундардын пикири да эске алынышы керектигин белгиледи.

Булак: www.azattyk.org

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь