“Коопсуз шаар” долбоору жана “Бузуулар кодекстин” күчүнө кирип иштей баштаганынан тарта, коомчулукта айыптардын баасынын жогору болгондугу тууралу ар кандай пикирлер айтылып келген. Буга байланыштуу айрым жол эреже бузуулар боюнча айыппулдун өлчөмүн азайтуу тууралуу мыйзам долбооору сунушталууда. Бул тууралуу Жол кыйымылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

ИИМ тарабынан өкмөткө “Бузуулар кодексинин” айрым беренелерине төмөнкү жол эреже бузуулар боюнча өзгөртүүлөр сунушталды. Айыппулдун өлчөмүн 3 миң сомдон 1 миң сомго чейин азайтуу каралууда:

– Жол белгилеринин талаптарын аткарбоо, жолдун жүрүүчү бөлүгүндөгү чийиндердин талаптарын аткарбоо (карама-каршы жол тилкесине чыгуу менен кууп
өтүүнүн же болбосо маневр жасоонун эрежелерин бузууларын кошпогондо);

– Токтоо же токтоп туруу эрежелерин бузуу;

-Коопсуз дистанцияны, интервалды сактабоо же болбосо жолдун жүрүүчү бөлүгүндө транспорт каражаттарын жайгаштырууну бузуу же автомагистралда жүрүү эрежелерин бузуу;

-Жол чырактын тыюу салуучу сигналы же болбосо жол кыймылын тескөөчүнүн тыюу салуучу жаңсоосу болгондо, жол белгилери же жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн чийиндери менен белгиленген стоп-линиянын алдында токтоо жөнүндө Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын аткарбоо;

-Карама-каршы жолтилкесине чыкпай туруп, кууп өтүү же маневр жасоо
эрежелерин бузуу;

-Тышкы жарык берүүчү приборлорду же болбосо эскертүүчү сигналдарды колдонууда эреже бузуу.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: