ИИМ Кой-Таш окуялары учурунда мурунку президент Алмазбек Атамбаевге моралдык, каржылык колдоо көрсөткөндөргө юридикалык баа берилерин билдирди.

Тергөө органында Атамбаевдин тарапташтарына мал союп, каржылык колдоо көрсөтүп тургандар тууралуу маалыматтар бар экени айтылды.

Моралдык колдоо деген эмне? Ал үчүн мыйзамдарда чара каралганбы?

“Мал сойгом, Атамбаевге эмес, элге”

УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев Кой-Ташка бир нече жолу барганын өзүнүн жарандык позициясы, мурдагы президентке болгон моралдык колдоосу катары түшүндүрдү:

Ал менин жеке чечимим, жарандык позициям болгон. Мен моралдык колдоо көрсөткөнмүн аларга. Себеби, ал жер менин айылым жана жердештерим“.

Кой-Таш айылында 7-8-августта түзүлгөн кырдаалды иликтөө боюнча мамлекеттик комиссия жыйынында Сегизбаев Атамбаевдин тарапташтарына мал союп бергенин да ырастады.

Комиссия мүчөсү Исмаил Исаков Сегизбаев элге эмес, мыйзамга баш ийбеген Атамбаевге колдоо көрсөтүп барганына көңүл буруп, ал моралдык эле эмей эле, материалдык колдоо болгон деди.

Ал чакырууга барбайм, “керек болсо атышам” деди. Анда бизге ой кетип атат, демек сиз Атамбаевдин чакырыктарын колдогондорго, каржылык жактан да жардам бергенсиз мал союп, туурабы?

Бирок Сегизбаев ал Атамбаев үчүн эмес, айылдаштары үчүн жасалган ишара болгонуна дагы бир жолу кайталады.

Моралдыкпы же материалдык колдообу?

Исаков, 7-8-августка чейин жана ошол күндөрү Атамбаевге моралдык же каржылык колдоо көрсөткөндөргө кандай чара көрсө болоруна кызыкты.

Жыйынга катышкан ИИМ министринин орун басары Памир Асанов тергөө органында Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүндө жүргөн тарапташтарына мал союп, каржылык колдоо көрсөтүп тургандарга юридикалык баа берилерин айтты:

Бүгүнкү күнү бизде төрт-беш версия бар. Азыр тергөө жүргүзүп жатабыз. Ким канча акча бергени, ким канча мал алып барып бергени боюнча. Ага да юридикалык баа беребиз“.

Деген менен тергөө моралдык жана материалдык жардамды эми кантип ажырымдайт, дегеле моралдык колдоо үчүн жаза барбы суроосу чыкты.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында моралдык колдоо иш-аракеттерине жоопкерчилик көрсөтүлгөн эмес. Бирок кылмышка пландарды чогуу түзүп, аны активдүү ишке ашырууга катышса, анысы кандай формада болбосун Кылмыш-Жаза кодексинин 41-беренесине ылайык каралып калат. Атайылап кылмышка биргелешип катышуу деп таанылат дагы, сегиз жылга чейин эркинан ажыратуу каралат “, -деди юрист Эмил Жапакбаев БиБиСиге.

Кодуранова, Карамушкина келген жок

Чакырууга карабай, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Асел Кодуранова жана Ирина Карамушкина келген жок. Депутаттар Кой-Таш окуясы боюнча комиссия менен иштешүүдөн баш тартканы белгилүү болду.

Кой-Таш окуясы боюнча мамлекеттик комиссия премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин чечими менен 29-августта түзүлгөн. Аны вице-премьер-министр Жеңиш Разаков жетектейт. Комиссияга Жогорку Кеңештин жети депутаты, мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жана коомдук саясий ишмерлер, эксперттер кирген.

ИИМдин маалыматы боюнча 7-8-августтагы Кой-Таш айылындагы окуялар боюнча жалпы 52 мыйзам бузуу фактысы катталган, анын негизинде 16 адам кармалып, учурда сегизи камакта.

Булак: Би-Би-Си кыргыз кызматы

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: