Күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жеңүүчүсү Айсулуу Тыныбекова жана анын машыктыруучусу Нурбек Изабеков Кыргызстанга келишти. Аларды “Манас” эл аралык аэропортунан Президенттин Аппаратынын жетекчиси Досалы Эсеналиев, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган расмий өкүлдөр салтанаттуу тосуп алышты.
Ошондой эле балбан кызды күйөрмандары, жакындары “Айсулуу чемпион!” деген ураан кыйкырыктар менен колдоп-коштоп тосушту.