Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатында биринчи жолу алтын байге утту. Белгилей кетсек, Тыныбекова чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатынын финалында күрөшкөн алгачкы кыргызстандык кыз болду. Мындай ири мелдеште буга чейин 2007-жылы Канат Бегалиев, ал эми 2018-жылы Жоламан Шаршенбеков күмүш байге алган.
Дүйнө чемпионаты 2020-жылы Токиодо өтө турчу Олимпиада оюндарына жолдомо бере турчу мелдеш болуп эсептелинет. Азырынча Тыныбековадан тышкары лицензияны грек-рим күрөшүнүн балбаны Атабек Азисбеков ала алды.