Жыл сайын кыргызстандыктардын, айрыкча жаштардын экологияны коргоо маселелери боюнча аң-сезими өсүүдө. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» глобалдык экологиялык жарандык акциясына катышуу учурунда билдирди.

Өкмөт башчы үй-бүлөсү менен бирге Бишкек шаарынын түштүгүндө жайгашкан «Ынтымак» ачык паркынын аймагына бир нече көчөт отургузду.

«Экология маселелери ар дайым Өкмөттүн ишинде артыкчылыкка ээ. Биз шаарда жаңы парктарды жана сейил бактарды ачып, бак-дарактарды отургузууга тийишпиз. Мен бүгүн атайын чыгып, борбор калаабызды жашылдандырууга өз салымымды кошууну чечтим. Бош жер турса, ал жакта эмне курууга боло турганын олуттуу ойлонуу керек, бул сөзсүз эле үй же башка объект болушу кажет эмес. Эл сейилдеп, таза аба менен дем алып, бош убакытысын өткөрө турган эс алуу жайларына муктаж. Ошондуктан биз борборубузга эң жашыл шаарлардын бири деген атагын кайрадан кайтарууга умтулабыз. Мындай жаратылышка аяр мамиле өлкө боюнча болушу керек», – деди Өкмөт башчы.

Андан соң Премьер-министр Өкмөттүн Аппаратынын кызматкерлери жана «Эко Деми» КФ өкүлдөрү менен биргеликте Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги катуу тиричилик калдыктарын жана полиэтилен баштыктарды тазалоо боюнча ишембиликке катышты.

Өкмөт башчы бүгүнкү «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» акциясынын уюштуруучуларына жана катышуучуларына дагы бир ирет ыраазычылык билдирип, акция жакшы салтка айланып, жыл сайын улам көп адамдар чогуларына ишеним көрсөттү.

Белгилей кетсек, 2019-жылдын 21-сентябрында дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Кыргыз Республикасында «Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнү» (World Clean Up Day) глобалдык экологиялык жарандык акция өтүп жатат.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: