Улуттук көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Талас шаарындагы Р.Алканов атындагы ат майданда бир адам каза болду. Бул тууралуу “Турмуш” басылмасы жазды.
Маалым болгондой, бүгүн, 21-сентябрда көк бөрү оюнунун финалдык беттешүүсү өткөн. Ага көрүүчү болуп келген Талас шаарынын тургуну тооктун этинен жасалган шишкебек жеп жатып каза болгон.
Бул маалыматты Талас облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташып: «Жергиликтүү тургун тамакка какап каза болгон. Милиция кызматкерлери тез жардам кызматын чакырып, ага биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн», – деп билдиришкен.