Өкмөттүн аппаратынын коргоо, укук тартиби жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнүн талдоо жана болжолдоо секторунун башчысы Егор Скобеев кармалды. Бул тууралуу Kaktus.media күч структурасындагы кызматкерлерге таянып жазды.
Маалым болгондой, Скобеев 16-сентябрда Аскер прокуратурасына кезектеги суракка чакырылып, тергөөчү тарабынан камакка алынган.
Биринчи май райондук соттун чечими менен Скобеев 17-ноябрга чейин УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Такталбаган маалыматтар боюнча, өкмөттүн кызматкерине “Коопсуз шаар” жана башка кылмыш иштерине байланыштуу “коррупция” беренеси менен айып тагылууда.