Ирандык аялдар футболду стадиондон көрүүгө уруксат алышты. Алар октябрь айында баштала турган Дүйнөлүк чемпионаттын тандоо оюндарынан тарта стадионго бара алышат. ФИФА президенти Жанни Инфантино билдиргендей, жакында эле ирандык күйөрман кыздын өлүмүнөн кийин бул маселе Иран бийлиги менен талкууланган.

1979-жылы Ислам ыңкылабы ишке ашкандан кийин Иранда эркектер ойноп жаткан стадионго аялдардын баруусуна тыюу салынган. Сентябрдын башында футбол оюнуна эркектин кийими менен кирүүгө аракеттенген Сахар Ходайяри камакка алынган. Түрмөгө баруудан коркуп футбол күйөрманы сот имаратынын алдында өзүн өрттөп салган. Алган жаракатынан улам өзүнө келе албай жатып, бир аптадан кийин ажал тапты.

Анын өлүмүн айыптаган билдирүүлөр бир эле Иран эмес, чет өлкөлөрдө дагы айтылып, катуу сөз болду. Европалык футболчу кыздар Ходайяринин жаркын элесине арнап, колдоруна көк түстөгү тасма байлап оюнга чыгып, тилектештик билдиришти. Үрөй учурган бул окуядан кийин көптөр Ирандын футбол федерациясын ФИФА курамынан чыгарып салууну сунуштап чыгышкан.

ФИФА делегациясы 10-октябрда боло турган Иран-Камбоджа ортосундагы беттешти талкуулап, бир аптадай Тегеранда болду. Бул беттеш дүйнөлүк чемпионатка тандоо оюндарынын бири.

Кийинки эл аралык беттештен тарта аялдардын стадионго келүүсүнө уруксат берилди. Бул абдан маанилүү чечим. Айрым учурларды эсепке албаганда, 40 жылдан бери мындай чечим болгон эмес эле“,- деди ФИФА президенти.

Аялдардын футболго келүүсүнө тыюу салган мыйзам жок. Бирок ага жол бербеген эреже катуу кармалат, дейт Human Rights Watch уюму. Өткөн жылы Дүйнөлүк чемпионат учурунда Тегерандагы стадиондорго чоң экрандан мелдештерди көрсөтүшүп, ага аялдардын келүүсүнө уруксат беришкен.

Булак: www.bbc.com

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: