Чүй облусунун Кемин районунда 14 жаштагы кызды өлтүргөн шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

22-сентябрда 57 жаштагы аял милицияга кайрылып, 20-сентябрда жээни үйүнөн чыгып кеткенден бойдон дайынсыз болуп жатканын айткан. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, издөө иштери жүргүзүлгөн. Жыйынтыгында кыздын сөөгү Кемин шаарында кароосуз калган үйдөн табылды. Аны өлтүрүүгө шектүү катары мурда бир нече жолу сот жообуна тартылган 20 жаштагы бала кармалып, камакка алынды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, ал 20-сентябрь күнү кечинде мас абалында баратып, Кеминдин көчөлөрүнүн биринен кызды көргөн. Аны күч менен алып барып, зордуктоого аракет кылган. Кыз каршылык көрсөткөндө бир нече сокку уруп, кыз алган жаракатынан улам каза болгон.

Бул факт Жазык кодексинин «Адам өлтүрүү» беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш жүрүп жатат.  Шектүү жигит убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: