7-8-августта Кой-Таш айылында түзүлгөн кырдаалды изилдөө боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү кезектеги жыйынынын өткөрүштү.

Вице-премьер-министр Жеңиш Разаков белгилегендей, Мамкомиссиянын мүчөлөрү өткөн жыйында ички иштер министринин орун басарлары Памир Асановдун жана Алмаз Орозалиевдин, ошондой эле коомдук ишмер Турусбек Коеналиевдин жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин маалыматын угушкан. Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова кайрадан чакырылган. Вице-премьер-министрдин айтымында, Мамкомиссиянын катчылыгы кат түрүндө парламентке тиешелүү чакыруу жөнөткөн, бирок эл өкүлдөрү катышуудан баш тартышкан.

Комиссиянын бир катар мүчөлөрү комиссиянын кийинки көчмө жыйынын Жогорку Кеңештин имаратында өткөрүүнү сунушташты. Мында депутаттар Ирина Карамушкина жана Асел Кодуранова менен жолугушуу күтүлүүдө. Бул сунуш комиссиянын өкүлдөрү арасында колдоо тапты.

Андан соң аскердик прокурор  Нуркамал Набиев, ошондой эле Башкы прокуратуранын тергөөгө көзөмөл жүргүзүү боюнча башкармалыгынын жетекчиси Замир Бейшекеев Жогорку Кеңештин №3218 токтомун аткаруу боюнча маалымат беришти.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: