Ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановдун уулу Мухаммед-Али “Достук” чек ара көзөмөл өткөрүү посту аркылуу Өзбекстанга чыгып кеткен. Бул тууралуу 7-8-август күнү Кой-Ташта болгон окуяларды талдоо боюнча мамлекеттик комиссиянын кезектеги отурумунда аскердик прокуратуранын өкүлү Нуркамал Набиев билдирди.

Анын айтымында, башында Асановдун уулу шектелүүчү болгон эмес. “Бирок иш ошого бара жаткан. Себеби көрсөтмөлөр болуп, биз материал чогултуп жатканбыз. Суракка алалы дегенде ал качып кетиптир“, – деп, ал Асановдун уулу окууга кеткен деген маалыматты четке какты.

Белгилей кетсек, 22 жаштагы Мухаммед-Али Асанов кызмат абалын кыянаттык менен пайдаланууга жардам атасына кылган деп шектелүүдө. Ал Башкы прокуратура тарабынан издөөгө алынып,  сыртынан камакка алуу чечими чыгарылган.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: