Кыргыз-тажик парламенттеринин төрагалары жолугушту (сүрөт)

90

Бүгүн, 23-сентябрда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында Тажикстандын Жогорку Жыйынынын Өкүлдөр палатасынын Төрагасы Шукуржон Зухуров менен жолугушту.

Жолугушууда чек ара маселеси тууралуу сөз кылган Дастанбек Жумабеков ушул жылдын 26-июлунда алгач ирет кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында эки өлкө башчыларынын жолугушуусу өткөнүн эске салды. Ошондой эле Төрага эки мамлекеттин Өкмөттүк комиссияларынын жумушчу тобунун жолугушуусу тактала элек тилкелер боюнча өз ара бирдиктүү пикирге жетишүүгө өбөлгө болоруна ишенерин билдирип, тыгыз сүйлөшүүлөр кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жараяндарын тездетүүгө шарт түзөрүн кошумчалады.

Парламент Төрагалары баарлашуу соңунда мамлекеттик чек аралардын такталышы кызматташтыктын келечеги үчүн керектүү болоруна жана ошондой эле чек аралардагы коопсуздукту, жалпы эле Орто Азия чөлкөмүндөгү туруктуулукту камсыздоодо маанилүү экенине токтолушту.

Эскерте кетсек, жолугушууга Жогорку Кеңештин депутаттары Махабат Мавлянова, Урмат Самаев, Алмаз Жутанов жана Нодирбек Каримов катышты.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь