Ошто белгилүү спортчулар атышты. Окуяга Кылыч Саркарбаевдин катыштыгы барбы?

154

21-сентябрда Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Фуркат айылында белгилүү спортчулар арасында жаңжал чыгып, ок атылды. Журналист Ыдырыс Исаков өздүк булактарына таянып окуяны төмөндөгүдөй жазды.

Ошто ЕРЕМдин балдары атышты. Ош шаардык спорт комитеттин төрагасы Кылыч Саркарбаев Ош бажысынын кызматкери Раим Матраимовдун өкүл баласы Эмилбек Кимсановдун колунда жүргөн Төлөгөн Рахманберди уулун санга атып, окуя болгон жерден качып кеткенин өзүмдүн булактарым ырастап жатышат. Азыр Төлөгөн Рахманберди уулу Ош облустук ооруканасында жатат деген маалымат бар.“,- деп жазды.

Ошто ЕРЕМдин балдары атыштыОшту бандиттер байырлап алган десе ишенбейсиңер. Мага жеткен маалыматка караганда кече…

Опубликовано Ыдырыс Исаков Воскресенье, 22 сентября 2019 г.

Ал эми криминалдык милиция окуя тууралуу билдирүү 21:40та түшкөнүн жана бул факт “Бейбашчылык” беренеси боюнча катталгандыгын маалымдады. Ошондой эле бир адамга ок тийип, ал ооруканада экенин тастыктады. Окуя эмне себептен келип чыккандыгы боюнча маалымат берилген жок.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь