Чычкан капчыгайында үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталып, бир адам каза тапты. Окуя 23-сентябрда болжол менен саат 14:30да болгон.  Бул тууралуу Жалал-Абад облустук Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан кабарлашты.

“ДАФ” үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын 30 жаштагы М.А., аттуу айдоочусу белгисиз себептерден улам жолдун четине чыгып, 46 жаштагы Т.Т., аттуу жаран башкарып келе жаткан “БМВ” унаасын сүзгөн. Андан кийин 26 жаштагы К.уулу А. айдаган “Mercedes-Benz Gigant” унаасы менен кагышкан.

Окуядан улам “Mercedes-Benz Gigant” унаасынын айдоочусу Токтогул райондук ооруканага жеткирилгенден кийин каза болгон.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: