Дастанбек Жумабеков Казакстанда Дарига Назарбаева менен жолугушту (сүрөт)

88

Бүгүн, 24-сентябрда Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Казакстандын парламентинин Сенатынын төрайымы Дарига Назарбаева менен жолугушту. Жолугушуу Нур-Султан шаарында өтүп жаткан Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отурумунун алкагында өттү.

Дастанбек Жумабеков Дарига Назарбаеваны Казакстан парламентинин Сенатынын төрайымы болуп кайрадан шайланышы менен куттуктап, Евразия өлкөлөрүнүн парламент төрагаларынын IV отуруму жогорку деңгээлде өткөрүлүп жатканына токтолду.

Отурумга Европа, Азия өлкөлөрүнүн парламенттеринен жана эл аралык уюмдардан көптөгөн сандагы делегациялардын катышып жаткандыгы иш-чаранын өтө маанилүү экенин далилдеп турат”, – деди төрага.

Муну менен катар кыргыз-казак алакалары тууралуу сөз кылган Жогорку Кеңештин төрагасы тили, маданияты, салт-санаа баалуулуктары окшош эки элдин тарыхый байланышы терең экенин баса белгиледи. Андан тышкары, эки мамлекеттин саясий-экономикалык кызматташтыгы жигердүү уланып жатканын жана өз ара ишенимге негизделген өнөктөштүктү дагы да өнүктүрүү керектигин кошумчалады.

Өз кезегинде төрайым Дарига Назарбаева боордош эки элдин бир туугандык, достук мамилеси түбөлүктүү экенин билдирип, бардык багыттагы кызматташтыкты арттырууга керектүү болгон парламенттер аралык байланышты кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь