Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулун кабыл алды

93

Президент Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Новосибирскидеги жаңы Башкы консулу Калдарали Маматалиевди кабыл алды. Жолугушууда Мамлекет башчысы Россиянын аймагында убактылуу же туруктуу жашап жүргөн Кыргызстандын жарандарынын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыздоо жана ошондой эле Кыргызстан жана Россиянын региондор аралык байланыштарын өстүрүүнүн маанисин белгиледи.

Ошондой эле баарлашуу учурунда Президент Калдарали Маматалиевге бир катар конкреттүү тапшырмаларды берди.

Башкы консулдук өзүнө Россиянын Алтай, Алтай крайы, Кемеров, Новосибирск, Омск жана Томск облустарын камтыган округду камтыйт.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь