Кыргызстандык спортчу Абдурахман Муртазалиев Казакстандын Нур-Султан шаарында өткөн грэпплинг боюнча дүйнө чемпионатында жеңүүчү болду. Бул тууралуу  Биргелешкен күрөш дүйнөсү (UWW) уюмунун расмий сайтында жазылат.

Муртазалиев  23-сентябрда грэпплингдин Gi түрүнөн 84 килограммга чейинки салмакта таймашка чыгып, үч беттеш өткөрдү. Алгач америкалыкты, андан соң жарым финалда италиялык спортчуну жеңип, финалга чыкты. Алтын байге үчүн таймашта польшалык Павел Недзини жеңип, дүйнө чемпиону аталды.

Кыргызстандан барган спортчулар мындан тышкары дүйнө чемпионатында 7 коло медаль тагынышкан.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: