Башкы бет СПОРТ Месси жылдын мыкты оюнчусу аталды

Месси жылдын мыкты оюнчусу аталды

Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) версиясына ылайык, “Барселона” клубунун чабуулчусу Лионель Месси жылдын мыкты оюнчусу деп табылды. Бул тууралуу маалымат аталган федерациянын сайтында жазылат. Сыйлык тапшыруу аземи 23-сентябрь күнү Миландагы (Италия) Ла Скала театрында болду.

Месси өз карьерасында алтынчы жолу аталган сыйлыкка татыды. Испания биринчилигинин 2018-19-сезонунда Месси 34 оюн өткөрүп, 36 гол киргизген.

Аргентиналык оюнчу “Ювентус” клубунун чабуулчусу Криштиану Роналду жана “Ливерпуль” командасынын коргоочусу Вирджил ван Дейкти артта калтырды.

 

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: