Иллюстрациялык сүрөт

Ошто 23 жаштагы жигит өзүнүн агасын өлтүрүп, андан соң анын денесин өрттөп жиберген. Бул тууралуу Ош ШИИБнен билдирди.

Маалыматка ылайык, милиция бөлүмүнө Төлөйкөн айылынын 1991-ж.т. тургуну А уулу Ж жакындары тарабынан өлтүрүлүп, үйүнүн батыш тарабында жайгашкан ээн талаага көмүп салгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Ал эми маркумдун туугандары аны Орусияга иштегени кеткен деп ойлошкон.

Бул маалыматты текшерүү иштери жүргүзүлүп, 23-сентябрда милиция кызматкерлери 1996-ж.т. маркумдун бир тууган инисин кармашкан. Ал агасын өзү өлтүргөнүн мойнуна алган.

Агасы аны бала кезден сабап, мазактап ошондой эле апасы менен карындашын дагы уруп-согуп жүргөнүн айткан.

Өткөн жылы агам үйгө мас болуп келди. Апам жана карындашым анын кыялы чатак экенин билип үйдөн качып кетишти. Ал мени мазактап, андан соң уруп кирди. Мен ачуум келип темир көсө менен башка чаап жибердим. Ал дем албай жатып калды. Анын денесин унаага салып шаардын четиндеги талаага алып барып өрттөп жибердим. Аны эч ким таап калбасын деп сөөгүн көмүп салгам. Бардык коңшу жана туугандарга агамды Россияга ишегени кетти деп айтып койгом“,- деп шектүү айтып берген.

Бул факт боюнча “Адам өлтүрүү” беренеси менен кымыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: