Интернетте Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев менен “Женго” каймана аты менен белгилүү кримтөбөл Кадыр Досоновдун бирге жүргөн видеосу чыкты.

Маалым болгондой, экөө Досонов жаза мөөнөтүн өтөп жаткан түрмөдөн жолугушкан. Видео качан тартылганы белгисиз.

Ал эми ЖАМК бул видео боюнча териштирүү жүрүп жаткандыгын айтышты.

Эске салсак, жакында эле Кара-Суу районунун Фуркат айылында спортчу Рахманберди уулу Төлөгөндүн жамбашына ок тийип ооруканага түшкөн. Такталбаган маалыматтар боюнча аны Ош шаардык спорт комитетинин жетекчиси Кылыч Саркарбаев атып, окуя болгон жерден качып кеткен. Учурда кылымыш иши козголуп, окуянын чоо-жайы териштирилүүдө.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: