«Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы инвестициялык кызматташтык өнүгүүдө», — деп баса белгиледи Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 24-сентябрда, Бишкек шаарында өтүп жаткан кыргыз-түрк бизнес-форумунда.

Мамлекет башчысы эки өлкөнүн ортосунда көп жылдар бою түптөлүп, барган сайын бекемделип жаткан саясий өнөктөштүк бийик деӊгээлге жеткенин белгиледи.

«Азыр Түркия менен өз ара ишенимге негизделген өзгөчө мамиле түзүлдү. Натыйжада, кыргыз-түрк соода-экономикалык мамилелери жакшы темпте өнүгүп жатат. Былтыр Түркиядан жалпысынан алганда 93 млн доллардан ашык инвестиция келген. Түркиядан Кыргызстанга эгемендик жылдардан бери бүгүнкү күнгө чейин тартылган түз инвестициялардын көлөмү 600 млн доллардан ашат», — деп белгиледи Президент.

Ошол эле мезгилде эки өлкөнүн ортосудагы экономикалык дарамет толук колдонулбай жатканын айтты.

«Эрдоган мырза менен соода жүгүртүүнүн көлөмүн жакынкы жылдары азыркы 400 млн доллардан бир миллиард долларга жеткирүү боюнча сүйлөшкөнбүз. Бул багыттагы иш-аракеттерибизди күчөтүү абзел», — деди.

Мамлекет башчысы боордош түрк өнөктөштөргө өлкөнүн эшиги дайыма ачык экенин белгилеп, учурда кыргыз жергесинде жүздөгөн кыргыз-түрк ишканалары иштеп жатканын эске салды.

Сооронбай Жээнбеков бизнести каттоону жөнөкөйлөштүрүү, жаңы түзүлгөн ишканаларды 3 жылга текшерүүдөн бошотуу, негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу, салык ставкаларын төмөндөтүү ж. б. инвесторлорго жагымдуу шарт түзүү багытындагы иш-аракеттер жөнүндө айтып берди.

Ошондой эле Бишкек шаарында дүйнөлүк атагы бар Шератон мейманканасынын ачылып жатышы өлкөнүн туризм тармагынын өнүгүшүнө өз салымын кошот деген ишенимин билдирди. Сооронбай Жээнбеков «Шератон» мейманканасынын негиздөөчүсү, бизнес-форумдун уюштуруучуларынын бири Айдын Мыстачоглуга бул долбоорду ишке ашырганы жана кыргыз-түрк экономикалык мамилелерин бекемдөөгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: