“Чоң муштум” делгендер камерадагылар менен мушташкандарын айтпай жатышат

121

Жалда балдарды аёосуз сабады делген Жаныбек Бапышов жана Калысбек Сейитбеков СИЗО-1де камерада отургандар менен мушташкандыгы боюнча көрсөтмө бербей жатат. Бул тууралуу мамлекеттик жазаларды аткаруу кызматы 24кж кабарлады.

Аталган ведомство камалып отургандарды эч ким ур-токмокко албагандыгын жана эч кандай даттануулар жоктугун ырастап жатат. Эмнеден улам чыр чыккандыгы азырынча тактала элек. Буга чейин бир туугандардын териси тытылып кеткендиги айтылган.

Бирок социалдык тармакта Бапышов менен Сейитбековдун колдору гипстелген сүрөт тарады. ЖАМК алардын колдору гипстелгенин тастыктап, мушташтан кийин шектүүлөр Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилип, дарыгерлер алардын колунун эти чоюлуп калганын аныкташкандыгын билдирди.

Шектүүлөр азыр убактылуу кармоо жайына алынып келинген.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь