Мындан бир жыл мурун эле Грета Тунберг тууралуу эч ким билчү эмес. Азыр аны дүйнөдөгү эң таасирдүү өспүрүм деп аташат.

Силер өзүңөрдүн куру сөздөрүңөр менен менин балалыгымды жана кыялымды уурдадыңар!”,-деп билдирүү жасады Грета БУУнун трибунасында туруп. Бириккен улуттар уюму климаттын өзгөрүшү боюнча саммит өткөрүүдө. Уюштуруучулар Гретаны Нью-Йоркко сөз сүйлөө үчүн чакырышкан. Өспүрүм кыз өз сөзүндө, бийлик экономикалык өсүү жана акча маселесинен чыга албай жүргөндө, дүйнөдө экосистема бузулуп, кишилер өлүп жатат деп айтты.

"Кантип ага батындыңар!"

Он алты жаштагы Грета Тунберг климат боюнча маселеде дүйнө лидерлерин уяткарды.

Опубликовано BBC News Кыргыз Вторник, 24 сентября 2019 г.

16 жаштагы Грета Тунберг экологиялык кыймылдын активисти. Буга чейин аны Нобель сыйлыгына көрсөтүшкөн. GQ версиясы боюнча “Жыл адамы”, Давосто жана британ парламентинде кайрылуу жасоого мүмкүнчүлүк алган. Түрдүү сурамжылоо боюнча, Батыштагы жаштар климаттын өзгөрүшү боюнча маселени адамзаттын эң алдында турган олуттуу көйгөй катары эсептейт. АКШдагы пикирлер дагы ушундай болгон. Бул албетте, изилдөөчүлөр үчүн күтүүсүз болду. Анткени жаштар арасында мындай пикир үстөмдүк кылат дегенди эч ким элестеткен эмес.

Бир жыл мурун Грета Тунберг мектептеги сабагын таштап, швед парламентинин алдына митингге чыккан. Гретанын мектептеги сабагын үзгүлтүккө учуратканы башка окуучуларга дагы майдай жагып, дүйнөнүн ар кайсыл булуң-бурчунан ага массалык түрдө тилектештик кылгандар болду. Тунберг аутизмдин бир формасы менен ооруган.

Мындай илдет менен жабыркаган кишилер үчүн дүйнө ак жана кара түстө гана. Биз жалган айтканды биле бербейбиз. Ошондой эле силерге абдан жакшы көрүнгөн социалдык оюндарды дагы жактырбайбыз. Менимче, биз, аутисттер көп жагынан кадимкидей элебиз, калгандары түшүнүксүз“,-дейт Грета.

Ал мектепте болушу керек эле. Биз анын бул чечимин (сабакты үзгүлтүккө учуратуу) колдогон эмеспиз. Бирок биз Гретанын өз позициясын коргоп жаткан аракетин урматтадык. Анын алдында эки жол бар эле: үйдө олтуруп өзүн бактысыз сезүү, болбосо каршылык көрсөтүп, өзүн бактылуу сезүү“,-деди атасы Сванте Тунберг.

Кызы климаттык өзгөрүүлөр боюнча китептерди окуп баштаганга чейин бул көйгөй тууралуу көп кабарыбыз жок эле, дейт атасы. Бул аркылуу Грета үй-бүлөсүнүн жашоо образын өзгөрткөнүн атасы моюнга алып жатат.

Тунбергдин бүлөсүнүн экологиялык кыймылдарга эч кандай тиешеси жок. Сванте Тунберг жазуучу жана арт-менеджер, актер. Апасы Малена Эрнман болсо опера ырчысы. 2009-жылы Москвада өткөн “Евровидение” сынагында Эрнман Швециянын атынан чыгып, 21-орунду алган.

Булак: Би-Би-Си

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: