Башкы бет КЫЛМЫШ КЫРСЫК 5миң$ пара талап кылган төрт милиция кызматкери кармалды

5миң$ пара талап кылган төрт милиция кызматкери кармалды

Төрт милиция кызматкери пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

16-сентябрь күнү ИИМдин ички иликтөө кызматына Бишкек шаарынын Т.С. аттуу тургуну кайрылып, Октябрь районунун милиция кызматкерлери, ага карата ишти токтотуу үчүн “сага тийбейбиз, иш козгобойбуз” деп 5 миң доллар талап кылып жатканын билдирген.

Ал жарандын арызы “Пара талап кылуу” боюнча каттоого алынып, 23-сентябрда  Ахунбаев менен Малдыбаев көчөлөрүнүн кесилишинде Октябрь районунун криминалдык милиция кызматынын үч кызматкери –К.Э., Т.Э., Д.Н. кармалган. Кармалгандар тинтүүгө алынып, алардан 1 миң доллар табылган.

Аны менен бирге Финансы полициясына Октябрь райондук милициянын Тергөө кызматынын тергөөчүсү алынып келген. Анын иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүлүп, Т.С. аттуу жаранга карата токтотулган сотко чейинки өндүрүш иши табылган. Сурак бергенден кийин, кармалгандар Бишкек шаардык милициянын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: