Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жансакчысы Канат Сагымбаев эки суткага камакка алынды. Бул тууралуу адвокат Замир Жоошев жана КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева социалдык тармактар аркылуу кабар таратып, Сагымбаевдин колуна кишен салынып, автоматчан күч кызматкерлеринин курчоосунда турган сүрөт, видеосун жарыялашты.

Жолдубаеванын айтымында, ага чейин Сагымбаев Аскер прокуратурасында бир нече саат суракта болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) 9-башкармалыгынын (мурдагы Мамлекеттик күзөт кызматы) кызматкери Сагымбаев Атамбаевдин жеке жансакчысы катары иштеп жаткан. 20-сентябрда атайын кызмат ал жумуштан алынганын тастыктаган.

УКМК Сагымбаев быйыл июль айында кайтаруудагы объект жок учурда жетекчиликтин кызматтык куралды, атайын техниканы тапшыруу көрсөтмөсүн аткарбай койгону жана ички жобого карабастан жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен байланышка барганы үчүн иштен алынганын билдирген.

Булак: Азаттык

Телохранителя Атамбаева, Каната Сагынбаева, увезли в Бишкекский гарнизон, расположенный в Кызыл-Аскере. Задержан он пока на 48 часов, по подозрению в злоупотреблении должностными полномочиями, массовые беспорядки, воспрепятствование деятельности органов правопорядка и убийство. В общем, решили всех собак повесить на него.

Опубликовано БеспределKG Вторник, 24 сентября 2019 г.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: