Ырчы Керим Турапов мурдагы айыптоолорунан баш тартып, Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусовдон кечирим сурады. Бул боюнча ал жергиликтүү гезитке берген маегинде билдиргенин 24kg жазды.

Белгилей кетсек, Керим Турапов буга чейин маегинде Ибрагим Жунусов менен мамилеси жаман экенин айтып, кесиптешин эки адамдын өлүмүнө айыптаган.

«Гезитке чыккан маегимде такталбаган маалыматтардын негизинде Ибрагим Жунусовдун дарегине мен тараптан ачуу сөздөр айтылып кеткен болчу. Ошондуктан Ибрагимге «ак чөп башта» деп айтмакчымын. Ачуу-душман, акыл-дос деген сөз бекеринен айтылбаса керек. Ибрагим Кожоназарович экөөбүздүн мамилебиз дайыма сый болгон жана боло бермекчи», — дейт Керим Турапов.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: