Москвада альпинист болуп иштеп жүргөн 23 жаштагы кыргызстандык 7-кабаттан кулап каза болду. Бул тууралуу Орусиядагы “Кыргыз биримдиги” коомунун өкүлү Улан Кошматов “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.
Анын айтымында, 1996-ж.т. Замирбек Уулу Бектемир көп кабаттуу имаратта иштеп жатканда жиби үзүлүп кетип 7-кабаттан кулап түшкөн. Ооруканада 2 сутка комада жатып, алган жаратынан улам өзүнө келбей 21-сентябрда көз жумду.
” Москва шаарындагы Кыргыз Диаспорасынын атынан Маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз, кайрат кылыңыздар”, -деп жазылат.
Маркум Замирбек Уулу Бектемирдин сөөгү 24 – сентябрда Москва-Ош багыты боюнча мекенине жиберилген.