Армениянын Ереван шаарынан алыс эмес жакта полициянын мурунку башчысы Айк Арутюняндын жансыз денеси табылды. Ал башына атылган октон каза болгону тууралуу Фейсбук социалдык тармактагы баракчасына Тергөө комитетинин пресс-катчысы Наира Арутюнян жазды.

Маалыматтарга караганда, Айк Арутюняндын денеси Бжни айылындагы үйдөн табылган. Өзүн-өзү өлтүрүүгө жеткирүү боюнча кылмыш иш козголду.

Айк Арутюнян Ички иштер министрлигин 1999-2003-жылдары башкарган. Ал эми кийинки беш жыл бою полициянын башчысы болуп эмгектенген. 2008-жылы март айында болгон окуя боюнча күбө катары суралган. Ал окуянын фигуранты Армениянын мурунку президенти Роберт Кочарян болгонун «Iz.ru» басылмасы билдирди.

2008-жылы 1-мартта Кочарян Армениянын биринчи президенти Левон Тер-Петросяндын митингге чыккан тарапташтарын кубалоого буйрук берген. Полициялар менен кагылышуу болуп, ондон кем эмес адам каза болсо, 250 адам жаракат алган. Өлкөдөгү абалды турукташтыруу үчүн Кочарян конституциялык укуктан пайдаланып, өзгөчө кырдаалды түзгөн. Ага карата 2008-жылы конституциялык абалды кулатуу боюнча кылмыш иши козголгон.

Булак: barakelde.org

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: