Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Евразия жумалыгы» IV Эл аралык форумдун ачылыш салтанатына катышты. Өкмөт башчы Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян менен бирге Евразия экономикалык биримдигинин өлкөлөрүнүн продукцияларынын көргөзмөсүнө барды.

Өкмөт башчы белгилегендей, бүгүн ЕАЭБ  – дүйнөлүк экономикада маанилүү роль ойногон мамлекеттер аралык өзгөчө орган болуп саналат. Анын айтымында, кыргыз товарларынын 80% коштоочу документтердин топтому болгон шартта ЕАЭБ рынокторуна эркин келип түшөт.

Премьер-министр ишкерлердин укугун коргоо үчүн бизнес-акыйткачы институту түзүлгөнүн, көзөмөлдөөчү органдар тарабынан бизнести текшерүүгө эки жылдык мораторий киргенин, 2019-2022-жылдарга карата ишкерлерди тейлей турган борбордун ишмердүүлүгүн уюштуруу боюнча Концепция кабыл алынганын белгиледи.

«Биз 2023-жылга ИДПдагы туризмдин көрсөткүчүн 7%га чейин көтөрүүнү, 600 млн долларды түзө турган деңгээлге жетүүнү  пландап жатабыз. Кыргызстан 2019-жылы туристтерди тарта турган дүйнөдөгү 5 өлкөнүн арасына кирди. Биз барынан биринчи, мурдагыдай эле, ЕАЭБке кирген өлкөрлөрдүн туристтерин кабыл алууну каалайбыз», – деди Премьер-министр.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: