Эгиз балдардын энеси өз балдарын 9100 долларга сатып, банктан алган насыясынан кутулган соң жаңы телефон сатып алууну көздөгөн. Туулганына эки жума боло элек наристелер үйүнөн 700 чакырым алыстыктагы эки башка үй- бүлөгө сатылган.

Полиция билдиргендей, Ма аттуу кытай жараны сентябрь айында эгиз уулдарды төрөгөн. Балдар ара төрөлгөндүктөн, аларды инкубатордо чоңойтууга туура келген. Эгиздердин атасы төрөтканага келген да эмес. Ал эми Манын ата-энеси кызына жардам берүүдөн баш тартышкан. Жакындары тарабынан колдоо таппаган аял өз балдарын сатууну чечкен. “Кардарлар” дароо эле табылган.

Манын капчыгы толгон кезде анын күйөөсү пайда болуп, кумар оюндарына уттурган акчаларын төлөтүүгө мажбурлай баштаган. Тынбай акча талап кылган күйөөсүнүн буйруктарынан баш тарткан кезде ал, Манын бала саткандыгы боюнча полицияга кабарлап таштаган. Бактыга жараша эки айрым жолго жашоонун агымына бет алган ымыркайлар табылып, багып алган эки тарап тең кайра алып келип беришкен. Кытайда бала сатууга шектелгендер 10 жылга эркинен ажырайт. Сатып алууга макул болгон тарап да жазасыз калтырылбайт.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: