Женго каймана аты менен каралар дүйнөсүндөгү белгилүү Кадыр Досонов менен Ош спорт комитетинин жетекчиси Кылычбек Саркарбаевдин жолугушуусу тартылган видео боюнча ЖАМК жооп берди.

Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматы берген маалымат боюнча Саркарбаев менен Досоновдун жолугушуусу 2015-жылы орун алган.

Белгилей кетсек, социалдык тармактарда кримтөбөл менен жетекчинин түрмөдө жолугушкан видеосу тараган.

Алдын ала маалыматтар боюнча жолугушуу 2015-жылы Оштогу СИЗО-5те болгон.

Видео жанаша жайгашкан мекемеден тартылган болушу мүмкүн. Азырынча так маалыматыбыз жок. Себеби СИЗО-5тин жетекчиси алмашып кетти. Биз Досоновдун макамын текшерип жатабыз. Ал кезде соттолгонбу же тергөөгө камалганбы деп. Эгерде соттолгон болсо ким бирөө менен жолугушууга чектөө коюлбайт. Ал эми тергөө камагында болсо эмнеге жолуктурганы тергелет“,-деп билдирет ЖАМК.

Оштун тергөө абагынын жанында милициянын, УКМКнын, прокуратура жана соттун имараттары жайгашкан.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: