Сооронбай Жээнбеков: Көп каражат бөлүнсө дагы, билим берүү министрлиги талаптарды аткарбай жатат

67

“Берген антынын маанисин терең түшүнүп, жан дили менен ак ниет иштеп берет деп ойлойм.” Бул тууралуу бүгүн президент Сооронбай Жээнбеков парламентте билим берүү жана илим министри Каныбек Исаковдун ант берүү аземинде айтты.

Президент буга чейинки билим берүү министрлигиндеги кемчиликтерге токтолуп, жаңы министрге ишеним чоң экендигин белгиледи.

Буга чейин билим берүү министрлигине, тармагына эмес, министрлигине арбын сындар айтылды. Айрыкча билимдин сапатына, сабактардын көлөмүнүн көптүгүнө, китеп басуудагы кемчиликтер боюнча көп нааразычылыктар болду“,- деди Жээнбеков.

Мындан тышкары бул тармакка көп каражаттар бөлүнүп жатса дагы, билим берүү министрлиги эл талап кылгандай оңолбой жаткандыгын эскертти.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь