Дуйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган окуя Чехия мамлекетинде 2019-жылдын август айында болду. Аман- эсен төрөлгөн наристе өлгөн энесинин курсагында туура 117 күн жашаган. 27 жаштагы келин курсагындагы түйүлдүккө 15 жума болгондо инсульт алып, каза тапкан. Ал оорудан улам эсин жоготуп, дароо ооруканага жеткирилген. Бирок, тилекке каршы аялды дарыгерлер аман сактай алган эмес.

Бирок, алар курсактагы наристеге инсульт терс таасирин тийгизбеш үчүн, түйүлдүккө жасалма кычкылтек жана керектүү витаминдерди жиберип турушкан. Бала өлгөн энесинин курсагында ийгиликтүү өрчүп, өсө баштаган. Ымыркай ден-соолукта чоңойсун деп дарыгерлер энесинин бутун кыймылдатып, басып жүргөндөй кылып кыймылга салып турушкан. 34 жума болгондо, операция жолу менен баланы дарыгерлер жарык дүйнөгө алып келишти. Курсактагы кыз 2,1 салмак менен бою 16,5 см болуп туулган. Энесине берилген жасалма камсыздандырууну дароо токтотуп жакындарына тапшырып беришти.

2017-жылы Бразилияда буга окшош окуя катталган. Анда, аял киши өлгөндөн кийин курсагынлдагы баласын 123 күн багып өстүрүшкөн. Жыйынтыгында акыл-эстүү эки эгиз наристе жарык дүйнөгө келген.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: