Жапониянын жараны башкаларга таандык 1300 карттын номерин жаттап калып, ичиндеги акчаларды уурдап алган. Банкинг карттардын ичиндеги каражатты кандайдыр бир технологиянын жардамы менен гана чыгарып алууга болот. Ооба, биз да дал ошентип ойлогон элек. Бирок, эс тутумдун күчү менен да кылмыштарга баруунун жолун тапкан адам бар экен. Ал жапонияда кассир болуп иштеген жигит өзүнүн 1300 кардарынын карттарынын номурун жаттап алып, акчаларын уурдаган.

Жапониянын Кото соода борборунда жарым күндүк кызматын аткарган Юсуке Танигучи, кардарлардын 16 цифрадан турган жашыруун номурларын жана аты- жөндөрүн, жашырун коддорун, карттын аяктаар мөөнөтүн жатка билген. Ал бир карап жаттап алган мүмкүнчүлүккө ээ болгон. Танигучи тапкан каражатын онлайн- дүкөндөрдөн буюм тайымдарды сатып алып аны кайра жергиликтүү ломбард аркылуу сатып, түшкөн акчаны үйүнүн ижарасына, тамак-ашына жана башка майда чыгашаларына жумшаганын айткан.

Анын дарегине 2600 АКШ доллардан турган эки баштык келгенде, полиция кассирдин артынан түшкөн. Танигучинин үйүн тинтүүгө алганда, анын кардарларынын кредиттик карттар боюнча маалыматы жазылган дептер табылган. Азыр бул адам камакка алынды. Интернет колдонуучулар Танингучи бул сыйкырдуу жөндөмүн башка нукта колдоно турган болсо ага өмүр бою миллиондогон киреше алып келе тургандыгын жазып жатышат. Эгерде сизде ушундай эске тутумуңуз укмуш күчтүү болсо эмне кылмаксыз?

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: