ИИМдин ЖКККББнын кызматкери өзү иштеген мекеменин аталышын туура чечмелей албай койгону тууралуу интернетте жарыяланган видео боюнча кызматтык тергөө жүргүзүлдү. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ички иштер министрлигинин Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдаган.

Маалыматка ылайык, тасманын «каарманы» автоинспектор Имакеев Урмат Казаковичке эскертүү берилди. Жол кайгуул кызматынын батальонунун ага инспекторлору менен взвод командирине карамагындагы жеке курамга нормативдик актылар боюнча кошумча сабактарды өткөрүү тапшырмасы берилгени маалымдалды.

Эске салсак, шаардык автоинспектор айдоочу менен сүйлөшүп жатып, ЖКККББнын орусча аббревиатурасын чечмелей албай койгон видео чыккан. 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: