Кара-Суудагы ок атышуу боюнча ИИМ териштирип жатат

83

Кара-Суудагы спортчу балдардын ок атышуусу боюнча ИИМдин Тергөө кызматы “Саламаттыкка оор залал келтирүү” беренеси менен сотко чейинки өндүрүш жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы кабарлады.

22-сентябрда болжол менен саат 09:40 чамасында милицияга Ош облусунун аймактык ооруканасынан билдирүү келип, анда Ош облусунун 1990-жылы туулган жашоочусу денесинен жаракат алып түшкөндүгү маалымдалган.

Чакырууга барышкан милиция кызматкерлери тарабынан жаран Р. уулу Т. бел тарабына ок атуучу куралдан жаракат алгандыгы такталган. Аны оорукананын жандандыруу бөлүмүнө которушуп, операция жасашып, учурда травматалогия бөлүмүнө которулду.

Болжолдуу иликтөөнүн жүрүшүндө жабырлануучуну ооруканага жеткиришкен бир нече жарандар суракка алынган. Саламаттыкка оор залал келтирүү фактысы боюнча соттук-медициналык, соттук-биологиялык жана башка экспертизалар дайындалды.

Азыркы учурда ИИМдин Тергөө кызматы (Ош шаары) аталган окуянын чоо-жайын аныктоо максатында сотко чейинки иликтөө жүргүзүп жатат.

Белгилей кетесек ооруканада жаткан жабырлануучу жергиликтүү телеканалга интервью берип, анда ал өзүн-өзү атып алганын айткан.

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь