Жогорку Кеңештин 26-сентябрындагы жыйында депутат Кожобек Рыспаев вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбековага кайрылып, “Россия 1” каналындагы “Прямой эфир” берүүсүнүн алып баруучусу Андрей Малаховдун айткан сөздөрүнө реакция кылуу керектигин талап кылды.

Андрей Малахов эфирден кыргыздар жөнүндө айтканын өзүңүздөр да көрсөңүздөр керек. Протоколдук тапшырма берип коёлу деп жатам. Себеби, реакция болуш керек. Малахов “кыргыздар 10 долларга эптеп жашайт, 100 миң доллар берсе кандай буйрутма болбосун аткарат” деп ачык эле айтып жатат. Ошондуктан буга Тышкы иштер министрлиги, элчилик реакция кылышы зарыл! Кыргыздарды антип басынтууга же антип айтуусуна жол бербеш керек. Алтынай Сейитбековна, буга карата чара колдонуңуздар”, – эл өкүлү.

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: