Кочкор РИИБнын ардагерлери акысыз медициналык кароодон өтүштү (сүрөт)

68

Нарын ОИИБнын медицина кызматкерлери Кочкор районунун ички иштер бөлүмүнүн  ардагерлерин медициналык кароодон өткөрүштү. Алардын ден-соолугун текшерип, керектүү дары-дармектер менен камсыздады. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан кабарлады.

Кээ бир ардагерлердин ооруларын так далилдөө үчүн тиешелүү медицина бөлүмдөрүнө жолдомо берилди. Мындан тышкары инсульт оорусуна кабылган ардагерлердин үйлөрүнө барып алардан кабар алышкан.

Мындай иш-чара жыл сайын өткөрүлүп, буга чейин Ат-Башы, Ак-Талаа райондорунда болушту“,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, ардагерлер үчүн Нарын ОИИБнын медицина кызматында күндүзгү стационардык бөлүмү ачылган. Ардагерлер үй-бүлө мүчөсү менен толук кандуу бекер көрүнө алышат.

 

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь