Мектеп директору мектепте окуган эркек баланын төбөсүндөгү узун ачык сары түстөгү чачын кыскартып келүүсүн талап кылууда. Билим берүү мекемесинин мындай талаптырын окуучунун ата-энеси четке кагып, алар үчүн баласынын каалоосу барынан жогору тураарын билдиришкен.

Орусиянын Сосновоборск шаарынын №4 мектебинин окуучусу И.Пётр эки капталы кырылган төбөсүндөгү күйгүзүлгөн сары узун чачы менен өзгөчөлөнүп турат. Ал өзүнүн спорттогу кумир туткан адамы Златан Ибрагимовичтин урматына чачын өстүрүп жатканын айтат. Директордун мектепке чакыруусуна баланын ата- энеси эмес, эжеси келген. Эжеси, бул мектепте күлкү келээрлик окуя болуп жатканын айтып, баланын акыл-эсине, психологиясына терс таасирин берип жаткан мугалимдерди, директорду айыптады.

Ал эми чакан шаарда мектептин айланысында жашаган жергиликтүү тургундар же кыз эмес, же эркек эмес, ”бузукуларды”тарбиялап жатасыңар! мектепте тартип болсун деп, директорго күнөө тагышкан.

Директор жаңы окуу жылы менен кирген жаңы мектеп устав, шарттарына ылайык, окуучусун чач жасалгасын өзгөртүшүн же үйдөн билим алуусун талап кылууда. Баласынын аты, кооз чачы жергиликтүү ММКларда чыгып кеткенде, баланын ата- энеси мектеп директорунун үстүнөн прокуратурага арыз менен кайрылышты. Шаардык администрациянын маалымат катчылыгы билдиргендей, окуучуну мектептен чачы үчүн чыгарып таштоого эч кимдин укугу жок. Ошондой эле мектептин директору уставды тааныштыруудан башка ал тараптан эч кандай укук бузуу болгон эместигин айтышат. Ал эми бизде мектеп уставдары кандай денгээлде иштеп жатат?

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: