Новопакровка айылында үч унаа сүзүштү. Айдоочу жөө жүргүнчүнү өткөрүп жаткан. Бул тууралуу окуяга күбөлөр Kaktus.mediaга билдирген.

Алардын айтымында, “Фольксваген Пассат” үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жөө адамды өткөрүп жиберүү үчүн токтогон. Бул учурда анын артында келе жаткан “Тойота Авенсиc” токтоно албай унааны барып сүзгөн. Кагышуудан “Фольксваген” каршы тилкеге чыгып кетип, “Мерседес-Бенцке” барып урунган.

Үч унаанын кагышуусунан “Тойотанын” айдоочусу жаракат алып, Чүй облустук ооруканасына жеткирилди.

 

Макала жактыбы?

НетДа
0
0
Loading...

Пикир кошуңуз

Пожалуйста, введите ваш комментарий!
Пожалуйста, введите ваше имя здесь

Просмотров: